21:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызсанда эки сутка ичинде 112 дарыгерден коронавирус аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 24.kg агенттигине берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 2 миң 381 дарыгерден коронавирус аныкталган.

Белгилей кетчү нерсе, республикалык штаб эки күндөн бери коронавируска чалдыккан дарыгерлер тууралуу маалымат берүүнү токтоткон. Буга ылайык себептери айтылган жок. 18-июлда берилген маалыматта коронавирус илдети аныкталган дарыгерлердин саны 2 миң 269га жеткен.

Саламаттыкты сактоо министрлиги пневмония менен ооруган дарыгерлер жөнүндө маалымат берген жок.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус менен пневмония илдеттерин лаборатория тарабынан тастыктап, атайын код коюлду, мындай тыянактан соң Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги U07.1 жана U07.2 коддорунун негизинде эки илдеттин статистикасын бириктирген.

Эң көп окулган жаңылыктар