Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
44 жаштагы жаран 15-июль күнү Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары аны издөөнү бүгүн да улантууда.
Андан тышкары, 13-июлда Чүй облусунун Алга айылындагы Чоң Чүй каналына 41 жаштагы аял түшүп кеткен. Издөө иш-чараларына тартылган куткаруучулар аракетин бүгүн да улантууда.