04:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дарыяга түшүп кеткен аткаминердин уунасында келинчеги жана небереси да болгон

Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Маалыматка караганда, ал «Ниссан Террано» уунасы менен Нарындан Суусамырды көздөй жол тарткан бойдон жок.

ӨКМдин куткаруучулары уунаны Жайыл районунун аймагынан Көкөмерен суусунан издешүүдө.

«Унаанын ичинде канча адам болгондугу азырынча белгисиз. Учурда ИИМ тарабынан такталууда», — деп билдиришти.

Молдакун Абдылдаевдин кызы Индиранын айтымында, унаада атасы менен бирге апасы, сиңдиси жана кызы да болгон.

«30-июнь күнү атам, апам, сиңдим жана кызым «Ниссан Террано» унаасы менен Суусамырды көздөй кетишкен. Акыркы жолу Жумгал районунан сүйлөшкөнбүз. Ошондон бери дайыны жок. Аларды табуу үчүн бардык адамдардан жардам сурайбыз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар