19:36
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Баткенде 3 жашар кыз каналдагы сууга түшүп кетип каза болду

Баткен облусуна караштуу Самаркандек айылында 3 жашар кыз каналдагы сууга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Окуя 11-июнда катталган.

Маалыматка караганда, 3 жашар кыз ойноп жатып үйүнүн жанындагы каналга түшүп кеткен.

«Кызды ошол жерде жүргөн адамдар көрүп калып суудан алып чыгышкан. Алар наристенин сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар