USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Фермерлер жеңилдетилген баада 3,7 миллиард сом насыя алышты

19:26, 16 июля 2020, Бишкек - 24.kg

«Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорунун алкагында фермерлер 3 миллиард 765 миллион сомго 7 миң 459 жеңилдетилген насыя алышты. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлады.

Анын ичинде өсүмдүк өстүрүү үчүн 388,3 миллион сомго 1 миң 173 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыгына 2 миллиард 435,8 миллион сомго 6 миң 124 насыя, кластерге 185,2 миллион сомго 81 насыя берилген. Мындан тышкары, кайра иштетүү үчүн 391,9 миллион сомго 70 насыя, тегирмендерге 363,8 миллион сомго 11 насыя берилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика