15:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Күндүзгү стационарда иштеген медиктерге дагы кошумча компенсация төлөнөт

Күндүзгү стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге дагы компенсациялык төлөөлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан тартып республикалык бюджеттен ММК фондунун бюджетине компенсациялык төлөмдөргө кошумча 233,7 миллион сом бөлүнгөн. Ошондуктан бардык медицина кызматкерлерине, компенсациялык төлөмдөр толук көлөмдө жүргүзүлгөн.

Бардыгы болуп төлөмдөрдү 20 миң 933 медициналык кызматкер алышты.

Белгилей кетсек, Бишкек жана Ош шаарларындагы БМСЖ, ошондой эле РКЖОО, ООБКО, ОШКО иштеген медкызматкерлерге кошумча төлөмдөр КР ССМ тарабынан төлөндү. Инфекциянын очогунда иштеген медкызматкерлерге жалпы 503,6 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөндү.

Эң көп окулган жаңылыктар