21:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Хижама ыкмасы коронавирусту дарылабайт

Хижама ыкмасы коронавирусту дарылабайт. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Хижама медициналык протоколдордо дарылоо ыкмасы катары колдонулган эмес.

«Хижама вирусту дарылайт деген билдирүүнү айрым медиктер дагы колдогону айтылып жатат. Хижамага барбагыла, андан алыс болгула», — деди Айнура Акматова.

Белгилей кетсек, хижаманы вирусту дарылоо үчүн колдонсо болорун ырчы Курал Чокоев менен журналист Тынчтык Алтымышов айтып чыккан. Аларды көпчүлүк колдоого алып, исламда сүннөт болгон ыкманы колдонууга даярдыгын билдиришкен.

Бирок адистер хижаманын вируска эч кандай таасири жоктугун, тескеринче ал канды азайтууга алып келерин эскертишүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар