Бишкекте Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун 27 жаштагы дарыгери Жумабай Бекмуратов каза болду. Бул тууралуу анын досу Нурсейит Мамыров маалымдады.
Анын айтымында, Жумабай Бекмуратовдун сөөгү кичи мекени Баткен облусуна коюлду.
Алдын ала маалыматтарга караганда, андан коронавирус илдети аныкталган.