21:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Арсен Аскеров: вирус кан тамырлар көп топтолгон жерде тез өрчүйт

Вирустун белгилери байкала баштаганда туура жатканды билүү керек. Бул тууралуу профессор Арсен Аскеров КТРКда угармандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирустун белгилери көбүрөөк байкалып баштаганда туура жатканды дагы билүү керек. Себеби кан айлануу процесси биздин жаткан абалыбыздан көз каранды болуп калат.

Вирус кан тамырлар көп болгон жерде тез өрчүйт.

«Эгерде сизде коронавирустун эң негизги белгилери баш оору, ысытма жана дененин оорлошуусу көп байкала баштаган болсо, демек вирустун кан тамырлар аркылуу көбөйүп кетүү коркунучу бар. Бул учурда бейтаптар көбүнчө чалкасынан жатып алышат. Эч качан чалкалап жатпаңыздар деп суранаар элем, себеби белиңиз менен жатканда кандын көп бөлүгү өпкөнүн арткы бетине топтолот, дал ушул учурдан пайдаланып вирус көбөйүүгө аракет кылат. Билесизби, бул вирус кан клеткаларына аябай таасир берет жана анын кесепетинен кан тамырларда кан уюп калат. Андыктан бул илдеттин дарысы болбосо дагы суюктукту көп ичип, кан айлануу процессин жүргүзүү керек», — дейт Арсен Аскеров.

Эң көп окулган жаңылыктар