23:24
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Согди облусунда 203 адам пневмониядан кайтыш болду

Согди облустук бийликтин маалыматына караганда, облуста жарым жылда 6 миңден ашуун киши каза тапкан, бирок бирөөнүн да өлүмүнө коронавирустун тиешеси жок. Бул маалыматты 14-июль күнү Жарандык актыларды каттоо башкармалыгы тастыктады.

Башкармалыктын жетекчилеринин бири Фарахманд Нарзизоданын сөзүнө караганда быйыл жарым жылда Согди облусунда 6 063 адам дүйнөдөн кайткан. Бул былтыркы жарым жылга караганда дээрлик 300 адамга көп.

«Облустук ЗАГС COVID-19 вирусунан улам көз жумган бир да кишини каттаган жок. Бирок 203 адам расмий түрдө пневмониядан өлгөнү, 109 адам «өпкөсү жана жүрөгү ооруп» каза тапканы катталган», деди Наризода.

14-июлга карата Тажикстанда коронавирус илдетине чалдыккан 47 адам жаңы катталды. Бир адам оорудан көз жумган. Жалпы оору жуктургандардын саны 6 миң 643. Расмий маалыматта вирус жуктуруп каза болгондордун саны 56 киши деп гана айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар