15:23
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кампаларында эл издеген дарыларды катып олтургандар аныкталды

Дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттаткан учурлар, мыйзамсыз ташылып келген товарлар боюнча 27 факт катталды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кампаларда катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын атайылап жасап жаткандар боюнча 2 иш ачылды.

«Фармкомпаниялардын кампаларында гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарылар табылды», — деди ал.

Ал эми дарыларды кымбат сатып жаткан алып сатарларга карата 8 факт Жоруктар кодекси боюнча өтүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар