Мурдакы аткаминер Алиясбек Алымкулов пневмония илдетине чалдыккан. Бул тууралуу Талас облусундагы өкмөттүн толук ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде маалымдады.
Анын айтымында, Алиясбек Алымкулов Бакай-Ата районундагы ооруканада дарыланган.
"Алиясбек Алымкулов кечээ ооруканадан чыгарлды. Ар бир райондо стационарлар ачылган. Биз элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзүн-өзү дарылоо канчалык деңгээлде кооптуу экендигин эскертип жатабыз. Учурда абал турукташты. Бүгүн "Интурист" мейманканасы күндүзгү стационар катары ачылат", - дейт Марат Мураталиев.
Ал Каржы полициясынын кызматкерлери дарыканалардагы дары-дармектер бааларына көзөмөл жүргүзүп, эки күндө бирден текшерип жатышкандарын кошумчалады.