15:56
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Баткенде вирустан алты, пневмониядан бир адам каза тапты

Баткен облусунда 13-июлга карата коронавирус боюнча 43 учур катталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматында, Баткен району −1, Баткен шаарында −7, Кызыл-Кыя шаарында −9, Кадамжай районунда- 10, Лейлек районунда — 16 адамдан вирус аныкталды.

Жалпы вирус менен ооругандардын саны 334, пневмония менен ооругандардын саны — 56.

Бүгүнкү күнгө чейин 6 жаран коронавирустан, 1 жаран пневмониядан каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар