23:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Күндүзгү стационарлардан жалпы жети бейтап каза болду

Бишкектеги күндүзгү стационарлар жалпы 8 миң 86 бейтап кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, 8 миң 86 бейтаптын 6 миң 673ү тамчылатма дары куйдурган, 1 миң 349у медициналык кеңеш алган, 57 бейтап ооруканага жаткырылган.

“Тогуз стационарда бейтаптарды жалпы 57 дарыгер, 83 медайым, 17 санитардык кызматкер жана ординаттар, ыыктыярчылар кабыл алышууда. Жеке секторлордун колдоосу менен 36 кычкылтек концентратору орнотулган”, - деп берилет маалыматта.

Свердлов районунан кечээ үч бейтап каза болду. Жалпы көз жумандардын саны жети.

Белгилей кетсек, Бишкектин төрт районунда иштеп жаткан күндүзгү стационарлардын иштөө убактысы 8:00дөн 22:00гө чейин.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума