22:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 46 өлүм катталды. Анын 22си Бишкек шаарында кайтыш болду

Бир сутка ичинде пневмониядан 42 бейтап, вирустан 4 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, пневмониядан каза болгондордун 21 аймактарда, 21 Бишкекте.

Коронавирустан төрт адам набыт болду. Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 77 жаштагы киши, Жайыл аймактык ооруканасында 62 жаштагы аял жана 55 жаштагы эркек көз жумду.

Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 68 жаштагы эркек набыт болду.

Март айынан бери жалпы пневмониядан 310 адам, вирустан 116 киши кайтыш болду.

Эң көп окулган жаңылыктар