18:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткенден дагы 15 дарыгер Бишкекке чакырылды

Баткен облусунан 15 дарыгер Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу республикалык штаб билдирет.

Маалыматка караганда, алар коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүшөт.

Буга чейин Баткен облусунан 20 дарыгер Бишкекке барып, учурда ооруканаларда иштеп жатышат.

Бишкекте вирустук инфекциянын күчөшү менен медиктердин жетишсиздиги жаралды. Аймактардан дарыгерлер тартылган. Өкмөт дагы эле медициналык билими бар адистерди жумушка чакырып, 70 миң сомго чейин төлөп бермекчи.

Эң көп окулган жаңылыктар