07:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте айрым соода борборлору карантинге жабылат

Бишкектеги «Дордой Плаза» соода борбору өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу 8-июлдан 19-июлга чейин убактылуу ишин токтотот. Бул тууралуу аталган борбордун администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү соода борборундагы «Фрунзе» гипермаркети, дарыкана жана «Демир банктын» бөлүмү гана иштейт.

Ушул эле күнү башкалаадагы «Asia Mall», «Технопарк» соода борборлору, «РИОМ» автоунаа базары да коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин карантинге жабыла турганын билдиришти. Аталган жайлар кайра качан иштей баштай турганы так айтылган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар