13:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баткендин ар бир районунда 200дөн орун даярдалат

Баткендин ар бир районунда 200дөн орун даярдалат. Учурда Кызыл-Кыя шаарында жана Лейлек районунда даяр. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.⠀

Малым болгондой, учурда облустун аймагында обсервация үчүн 1790 орун даярдалган.

Бул жайлар пневмония илдети менен ооруган жарандарга орундук жетпей калса медициналык жардам көрсөтүүчү обсерваця катары колдонууга берилет. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 8-июлда облустун бардык аймактарында 200дөн орун толугу менен даяр кылуу тапшырмасын берген.

Эске сала кетсек, Баткендеги ооруканаларда изоляция үчүн 435 орунга мүмкүнчүлүктөр бар.

Эң көп окулган жаңылыктар