17:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде 7 миңге жакын орун даярдалды

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жети миңге жакын байкоочу орун даярдалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Белгиленгендей, 30 кесиптик лицейинде 1 миң 700 койка жайгаштырылган. 1 миң 365 бейтап обсервациядан кийин үйүнө жөнөтүлдү. Учурда 218 бейтап дарыланып жатат.

Бишкекте учурда певмония илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн № 2 орто мектеби, № 1 мектеп интернаты жана 270 орундуу оорукана ачылды.

Ошондой эле бир катар университеттик медициналык клиникалар бейтаптарды кабыл алышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар