15:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков: Азырынча өзгөчө абал киргизилбейт

Азырынча жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, аймактардагы жетекчилер тарабынан киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана экономика субъектилери милдеттүү түрдө аткарышы керектигин эске салды.

«Илдет менен күрөшүүдө жарандык жоопкерчиликтин деңгээли зор мааниге ээ. Биз кырдаалдын оор экенин ачык айтып жатабыз. Ар бир муунга ар кандай сыноолор туш келет экен. Биздин аталарыбыз, чоң аталарыбыз Улуу Ата мекендик согуштун азабын тартып, башын канжыгага байлап, бизге тынч, ачык асманды камсыздап берди. Бүгүн биз ушул илдет менен күрөшүп жатабыз. Жеңиштин эрте-кечи ар бир жарандын өз милдетин так аткаруудан көз каранды. Ал милдеттер өтө жөнөкөй: адистер айткан эрежелерди жана тартипти сактоо, жакыныңа жардам берүү», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби