12:02
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бир сутка ичинде коронавирус илдетинен улам төрт адам каза болду

Бир сутка ичинде коронавирус илдетинен улам төрт адам каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Маалым болгондой, Республикалык инфекциялык ооруканасынан 73 жаштагы бир эркек киши, Ош шаардык клиникалык ооруканасынан 53 жаштагы бир жаран, Токмок аймактык ооруканасынан 86 жаштагы бейтап жана Ысык-Ата аймактык ооруканасынан 41 жаштагы бир бейтап каза болду.

Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус илдетинен 92 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар