15:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы, бирок дарылануусу керек

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев кесиптик ооруканада дарыланат. Анын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ал шаршемби күнү Алмазбек Атамбаев менен жолуккан.

«Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы. Мага дарыланышы тууралуу айтышты. Эч кандай абалы начарлап жаткан жок жана ИВЛ аппаратына кошулган эмес. Ал качан чыгары азырынча белгисиз. ПЦР-анализдин жыйынтыгы жакшы чыкты», — дейт Сергей Слесарев.

Юрист Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн атайын борт менен россиялык «Кант» авиабазасынан Москвага кетет деген маалыматты тастыктаган жок жана ар кандай болуп кетиши мүмкүн экендигин айтты.

«Чындыгында бул тууралуу менде эч кандай маалымат жок. Эгер чын эле ушундай болсо менимче расмий түрдө болот. Бирок буга карата даярдык жөнүндө деле кабардар эмесмин, ар кандай болушу мүмкүн. Эгер Алмазбек Атамбаевди башка жакта жана башка дарыгер дарылаш керек болсо которулушу деле толук мүмкүн», — деп кошумчалады.

Эске сала кетсек, 30-июнда Алмазбек Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталган. УКМК белгилегендей, соңку жума ичинде Алмазбек Атамбаев адвокаты жана туугандары менен бир нече ирет жолуккан жана алар кагаз беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар