Бир суткада 506 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаарында – 230, Чүй облусунда - 151, Ош шаарында - 36, Ош облусунда - 14, Нарын облусунда - 9, Жалал-Абад облусунда - 21, Талас облусунда - 1, Баткен облусунда - 19, Ысык-Көл облусунда - 25.
Республика боюнча вирус жуктургандардын саны - 6 миң 767.