Президент Сооронбай Жээнбеков «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.
«Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына, жекшембиге дайындалсын», — деп жазылат жарлыкта.
Эске сала кетсек, буга чейин шайлоонун өтүү убактысы өлкөдөгү абалга байланыштуу кайсы убакта өтөөрү белгисиз болуп келген.