Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу брифингде айтылды.
Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан — 71 жаштагы, Ноокат аймактык ооруканасынан — 70 жаштагы бейтап көз жумду.
Ал эми Кочкор аймактык ооруканасында 69 жана 56 жаштагы бейтаптар набыт болушту.
Жалпы каза болгондордун саны 66 кишини түздү.