2020-жылдын 2-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 526 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаарында – 211, Чүй облусунда - 231, Ош шаарында - 19, Ош облусунда - 6, Нарын облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 27, Талас облусунда - 1, Баткен облусунда - 18, Ысык-Көл облусунда - 10.
Республика боюнча вирус жуктургандардын саны 6 миң 261.