14:50
USD 76.84
EUR 90.50
RUB 1.04

Тоң районундагы жол кырсыгында 2 киши набыт болду

Тоң районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 30-июнь күнү Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыкта жүргүнчү аял жана жаш бала кайтыш болду. Дагы эки адам жабыркады.