12:02
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

COVID-19. Бишкекте дагы эки лаборатория анализ алып баштады

Бишкекте дагы эки лаборатория коронавирус инфекциясына анализ алып баштады. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Auqalab жана Экспресс жеке лабораторияларына ПЦР жана ИФА тест алууга уруксат берилди.

«Анын баасы 1600 сомду түзөт. Бонецский лабораториясына караганда бир топко арзан», — дейт Мадамин Каратаев.

Республика боюнча вирус жуктургандардын саны 5 миң 735.

Эң көп окулган жаңылыктар