23:48
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эки күндө «Тез жардам» кызматына төрт миңден ашык чалуу болду

Акыркы эки күндүн ичинде «Тез жардам» кызматына төрт миңден ашык чалуу болду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, кызматта 36 бригада толук иштеп жатат.

«Биз кошумча күчтөрдү салып, дагы 20 автоунаа даярдап жатабыз. Андан сырткары, эгерде мүмкүнчүлүк болсо, тез жардамды күтпөстөн стационарга жеке транспорт менен келсе болот. Бардык ооруканалар кабыл алышат, негизгиси — оорулуунун клиникалык абалына карайт. Бирок көпчүлүк жарандарда оору симптомдору билинбестен же жеңил түрдө өтүп жатат. Бул жарандар стационарга жаткырылбайт», — деди Мадамин Каратаев.

Эң көп окулган жаңылыктар