06:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Өтө коркунучтуу оору». Вирус жугузган Тазабек Икрамов элди этияттыкка чакырды

Коронавирус жуктуруп алган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өзүнүн Facebook баракчасында вирус менен кантип күрөшүп жаткандыгы боюнча бөлүштү.

Депутаттын айтымында, ал үйдөн дарыланып жатат.

«Үй бүлөм, жакындарым менен катнашты кан буугандай токтоттум. Санитардык абалды так сактадым. Позитивде болдум. Даарыгерлер айткан көрсөтмөлөрдү так аткардым. Кудайга шугур, оор күндөр артта калды. Демек, биз бул илдеттен кутулуунун бир гана жолу бул жеке жарандардын жоопкерчилиги экенин жон терим менен сездим», — дейт ал.

Тазабек Икрамов жарандарды ашыкча көчөгө чыкпоого, санитардык нормаларды сактоого чакырат.

«Бул илдетти азыр биздин медицина ооздуктай албайт. Бир гана жол ар бир жаран өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, жоопкерчилик менен мамиле кылышы зарыл. Ар бир көчөдөгү жаран бүгүнкү күнү вирусту алып жүрүүчү болуп, бир канча кишини илдетке чалдыктырып жатат. Бул өтө коркунучтуу», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар