06:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сооронбай Жээнбеков: Азырынча өзгөчө абал тартиби киргизилбейт

Өлкө аймагында азырынча өзгөчө абал тартиби киргизилбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги сөзүндө президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал учурда өзгөчө кырдаал жана карантин тартиби бар экенин эскертти.

«Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал режими азыркыга чейин алына электигин дагы бир жолу кайталайм. Комендатуралардын иши токтотулуп, алардын ыйгарым укуктары жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилген. Алардын аймактык-граждандык коргонуунун жетекчиси катары укуктары күчүнө кирген», — деди президент.

Чектөөлөр аркылуу тартипти камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз.

Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков пандемия менен күрөштө ар бир жарандын жоопкерчилиги бар экенин белгиледи.

«Бул оорудан бир гана Кыргызстан жапа чегип жаткан жок. Жалпы дүйнө жабыркап, көптөрдүн айласы кетип жатат. Азыркы кырдаалда Өкмөттүн негизги милдети — мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишин мобилизациялап, элибиздин ден соолугун коргоо, журтубузду ушул илдеттин жайылуусунан сактап калуу. «Бул иште эч ким четте калбайт. Баарыбыз тең өкмөткө колдоо көрсөтөбүз», — деди өлкө башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар