05:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өкмөт дары-дармекке бааны мамлекеттик көзөмөлгө алат

Дары-дармек жана медициналык каражаттарга баага мамлекеттик көзөмөл орнотуу сунушталууда. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында айтылды.

Жыйында дары-дармектерге бааны өсүшү талкууланды.

«Эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу COVID-19 дарылоого пайдаланылган дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдардын бааларына чектелген кошумча бааны орнотуу аркылуу бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү мүмкүндүгү каралууда», — деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментине тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Республикалык ыкчам штабга дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга карата бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга баанын негизсиз көтөрүлүшүн мониторнгдөө жана ага ыкчам жооп кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүү боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар