00:16
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкекте коронавирустан жаш милиционер каза болду

Бишкекте коронавирустан Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Бердибай Элакунов каза тапты. Бул тууралуу ордо кааланын маалымат кызматы билдирди.

Ал 37 жашта болчу.

Кечээ эле социалдык тармакта Бердибай Элакуновдун видео кайрылуусу таркаган. Анда ал Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жатканын айтып, коронавирустан этият болууга чакырган.

Коронавирустан каза болгондордун саны 50гө жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар