05:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ооруканалар ПЧР тесттин жыйынтыгы жок болсо да бейтаптарды кабыл алат

Ооруканалар ПЧР тесттин жыйынтыгы жок болсо да бейтаптарды кабыл алат. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги айрым алгоритмдерди өзгөрттү.

«Ага ылайык, эгерде жарандын дене табы 38°Стан ашса, пневмониянын белгилери болсо, ал ПЧР-тесттин жыйынтыгын күтпөстөн, атайын даярдалган ооруканага кабыл алынат. Ошондой эле бир катар медициналык мекемелерде кырдаалга байланыштуу коронавирус менен ооруган бейтаптарга кошумча орундар ачылды», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар