Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Бишкек шаарында – 7, Ош шаарында – 3, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 9, Талас облусунда – 1 медициналык кызматкер вирус жуктурду.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 669 учур катталды, алардын ичинен 403 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.
Саламаттыкты сактоо министринин маалыматында, бүгүнкү күндө вирус жуктуруп алган 41 медикке компенсация төлөнүп берилди.