Мамлекеттик санитардык-эпидемиологоиялык көзөмөл департаментинен бир жума ичинде жети жаңы учур аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине департаменттин орун басарынын милдетин аткаруучу Төлө Исаков маалымдады.
Анын айтымында, коронавирус директордун орун басарына, дарыгер-лаборанттарга жана айдоочуларга жукту.
«Бул биздин кызматкерлер байланышта болгон жактар менен иштешишип, мобилдик топтун катарында бар экендиктери менен тушүндүрүлөт», — дейт Төлө Исаков.
Ал COVID-19 эпидемиологиялык маселесине байланышы жок кызматкерлер аралыкта иш алып барууга жөнөтүлгөндүгүн кошумчалады.