23:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Республикалык штаб Бишкекке өзгөчө абал тартибин киргизүү маселесин карайт

Республикалык штаб бүгүн Бишкекке өзгөчө абал киргизүү маселесин карайт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингинде маалымдады.

Анын айтымында, Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык кырдаал аябай курчуп бара жатат.

«Коронавирус жугузуп алгандардын көпчүлүк пайызы ушул эки шаарда катталды. Илдетке чалдыккандардын саны күн сайын өсүүдө», — дейт ал.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 3 миң 954кө жетти, анын ичинен 648и дарыгерлер. Ооруну жеңип ооруканадан чыгарылгандар 2 миң 112, ал эми каза болгондордун саны 43.

Эң көп окулган жаңылыктар