COVID-19. Бир суткада 30 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Маалым болгондой, коронавирустан айыккаендардын көбү Чүй облусунда.
Бишкек шаары-5,Чүй облусу-10, Ош шаары-6, Ош облусу-1, Нарын облусу-2, Жалал-Абад облусу-6.
Кыргызстан боюнча жалпы 2 миң 112 адам ооруканадан чыгарылды.