Акыйкатчы аппаратынын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу уюмдан кабарлашты.
Пресс-кызматынын берген маалыматы боюнча, бул мекемедедеги кызматкерлердин арасынан катталып жаткан экинчи учур. Акыйкатчы институтунун бөлүмүндөгү инспектордон аныкталган. Ал учурда өзүн-өзу изоляциялоодо. Кызматкерлердин көпчүлүк бөлүгү үйдөн иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 207 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 3 миң 726га жетти.
Эске сала кетсек, буга чейин акыйкатчы институтунун бөлүм башчысынан коронавирус аныкталган.