16:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 9,2 миллионго жетти

Акыркы сутканын көрсөтмөсү боюнча дүйнө жүзүндө 165 миң 774 бейтаптан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу онлайн-карта тастыктайт.

Дүйнө жүзү боюнча жалпы 9 миллион 240 миң 398 адам коронавирус жугузуп алган. Алардын ичинен 2 миллион 346 миң 950 АКШда катталды. Бразилияда —1 миллион 145 миң 906, Россияда — 598 миң 878, Индияда — 440 миң 215, Улуу Британияда — 307 миң 982, Перуда — 260 миң 810 жана Чилиде — 250 миң 767 учур.

Коронавирус жалпы 188 өлкөгө жетти.

COVID-2019 вирусунан айыккандардын саны 4,6 миллион адам. Бир сутка ичинде 102 миң 93кө өстү.

Каза болгондордун саны 476 миң 945ке жетти. Биринчи күндүн көрсөткүчүнө салыштырмалуу 5 миң 305ге өстү. Анын ичинде АКШда — 121 миң 224, Бразилияда — 52 миң 645, Улуу Британияда — 43 миң 11, Италияда — 34 миң 675, Францияда — 29 миң 723.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 3 миң 726, Казакстанда — 18 миң 231, Өзбекстанда — 6 миң 662, Тажикстанда-5 миң 567.

Эң көп окулган жаңылыктар