Коронавирустан улам бир адам көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдын маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалым болгондой, коронавирустан бир эркек киши каза болгон.
«Ош облустар аралык ооруканасынан 1972-жылы туулган бир эркек киши каза болду», — деп берилет маалыматта.
Кыргызстан боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны 42ге жетти.