21:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзгөндөгү жол кырсык үч адамдын өмүрүн алды

Өзгөн районунда Салам-Алик айыл аймагынын Мырзаке — Кара-Шоро унаа жолунун 52-чакырымында «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү унаа 21-июнда жол кырсыкка учураган. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калган жана унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

«Кырсык болгон жайга ӨКМдин Өзгөн райондук № 53 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Натыйжада үч эркек киши каза болуп, бир эркек киши жабыркаган. Аны тез жардам кызматы Мырзаке айылындагы ооруканага жеткирди», — деп берилет маалыматта.

Учурда аты-жөндөрү такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума