Бишкекке Якутиядан 170, Индиядан 10 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин пресс-кызматы маалымдады.
Анын айтымында, «Якутия» абакаттамынын Якутия — Бишкек чартердик рейси менен 170 кыргызстандык мекенине кайтып келди.
«Кыргызстанга кайтып келген жарандардын тизмесинде, Якутияда билим алып жаткан студенттер, кош бойлуу аялдар жана балдар, ден-соолугу начар жана өлкөгө келүүгө зарыл болгон жактар бар», — деп берилет маалыматта.
Ал эми Индиядан 10 кыргызстандык алынып келинди.
Чет өлкөдөн келген жарандардын баары обсервацияга алынып, тийиштүү медициналык процедурадан өтүшүүдө.
Индия тарап 16-июндан 28-июнга чейин Индия жарандарын мекенине кайтаруу максатында Кыргыз Республикасынан бир катар чартердик учууларды жүргүзүүнү пландаштырууда.