08:33
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкекке Египеттен 47 кыргызстандык кайтып келди

Кыргызстанга бүгүн Египеттен 47 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Египеттен келген кыргызстандыктардын 26сы студент, 21и туристтик сапар менен баргандар.

«Биздин жарандар «Air Cairo» египет авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Каир — Алматы эл аралык аэропортуна келип, Бишкек шаарына атайын транспорт менен алынып келинди», -деп берилет маалыматта.

Египеттен келген кыргызстандыктар обсервацияга жайгаштырылып, атайын медициналык процедурадан өтүшөрү белгилүү болду.

«Мекендештерибизди чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон баардык чаралар көрүлүүдү», — деп билдирди ТИМ.

Эң көп окулган жаңылыктар