06:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Азия Ньюс» гезити Жеңиш Раззаковго 50 миң сом айып төлөшү керек

«Азия Ньюс» кыргыз тилдүү оппозициялык басмакана экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун ар-намысына жана кадыр-баркын доо кетиргендиги үчүн 50 миң сом акча төлөөгө тийиш. Бишкек шаардык сот бүгүн чечим кабыл алды. Бул тууралуу анын жактоочусу Адил Турдукулов 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Жеңиш Разаков гезиттен 10 миллион сом өлчөмүндөгү акча талап кылган. Бирок, Октябрь райондук соту басылманын арыз берүүчүгө болгону 1 миллион гана карызы бар деп эсептеп, талапты жарым-жартылай канааттандырган.

«Бирок шаардык сот сумманы 50 миң сом өлчөмүнө түшүрдү. Ошол эле учурда биринчи инстанциянын чечими жарым-жартылай күчүндө калды, анткени гезит маалыматты төгүнгө чыгарышы керек», — деп түшүндүрдү Адиль Турдукулов.

Талаш-тартыштын себеби «Азия Ньюс» басылмасында Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси бар деген маалыматынан улам келип чыккан. Ал эми Жеңиш Разаков бул маалыматты четке какты.

2019-жылдын мартында ЖКнын депутаттары Тажикстандын массалык маалымат каражаттары Жеңиш Раззаков коңшу өлкөнүн атайын кызматтарынын агенти деп жарыялаган макаланын негизинде, вице-премьер-министр жөнүндө маалыматтын чын-төгүнүн тастыктоо максатында УКМКга кайрылышкан.

УКМК экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго карата ЖМКларга жарыяланган айыптоолордун негизинде, «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки тергөө ишин жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Жеңиш Разаков коңшу өлкөнүн атайын кызматтарына тартылгандыгы жөнүндө тастыкталган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар