22:10
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Жеңиш Разаков отставкасынын себебин түшүндүрдү

Мурдакы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өз эрки менен жумуштан кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине айтты.

Аткаминер бир нече жылдан бери эс алууда болбогонун белгилейт.

«Кечээ өзүм арыз жазып, бүгүн ишке чыккан жокмун. Көп жылдан бери 30 күндүн эс алууда болгон эмесмин. Эми эс алып, үй-бүлөм менен алектенем», — дейт ал.

Жеңиш Разаковдун азырынча өкмөткө кайтып келүү ою жок.

«Чек ара маселесин ким эки айда чечсе ага орден бериш керек», — дейт экс-вице-премьер.

Белгилей кетсек, буга чейин вице-премьер-министрдин Тажикстандын атайын кызматтары менен байланышы жөнүндө маалымат чыгып, кийин ал УКМК тарабынан төгүндөлгөн.

Чек ара маселеси боюнча Бишкекте өткөн митингде Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар