15:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Момбеков: Жеңиш Разаков куратор эмес, кууратар болду

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселесин чече албайт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Ал өкмөттүн курамын сынга алып, Жеңиш Разаков министрлер кабинетинин эң алсыз мүчөсү экенин белгиледи.

«Сиз аны ЕАЭБ боюнча куратор кылып дайындагансыз, бирок, ал кууратар болду. Ал Баткенде чек аранын эки метр жерин да чечкен жок. ЕАЭБтеги эки маселени дагы оңунан чыгара алган жок. Анан ошол эки метрди чече албаган кишини Баткендин көйгөйүн чечсин деп жатасыз. Аны Баткенге байлап койсоңор да эч нерсе кыла албайт. Иш билбейт дагы эми митинг, сот менен коркутуп жатат», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар