16:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аралыктан билим берүү. Мугалимдердин кесипкөйлүгү жана билим берүү көйгөйлөрү

Мектептерде окуу жылы аяктап, окуучулар, ата-энелер менен бирге мугалимдер да кенен дем алышууда. Билим берүү тармагы үчүн акыркы чейрек коронавируска байланыштуу оор болду. Кыска убакытта окуу усулдарын аралыктан, же онлайн билим берүүгө которууга туура келди. Негизи дистанттык окууга өтүү боюнча көптөр менен айтылганы менен дагы эле ишке ашпай келүүдө. Дүйнөлүк пандемиядан улам шашылыш түрдө билим берүү тармагы реформага кадам таштады.

Каталардан сабак алышабы?

«Перемена» инновациялык билим берүү борборунун жетекчиси Алмаз Тажибаев, Билим берүү жана илим министрлиги аралыктан билим берүүнүн биринчи этабын алгылыктуу ишке ашыра алганын белгилейт.

«Ката кетирип, жыгылып мүдүрүлсө дагы дистанттык билим берүү ишке ашты. Негизи мугалимдердин көпчүлүгү интернеттеги ар кандай программаларды айтпай эле коюун, компьютердин өзү менен анча тааныш эмес эле. Бирок, кырдаал аларга тоскоолдуктарды, анын ичинде психологиялык кыйынчылыктарды жеңүүгө түрткү болду. Экинчи этап эми жеңил болот», — деп ишенет ал.

Мугалимдерге эми компьютердик сабаттуулукту үйрөнүүгө туура келет. Эми бул жалпы баарына тиешелүү талап.

Алмаз Тажибай.

Алмаз Тажибай Билим берүү министрлигине каникуль учурунда мугалимдерди онлайн иштөөгө үйрөтүүнү сунуштайт.

«Мугалимдер үчүн кесиптик, айрыкча кыргыз тилинде окуу борбору зарыл болуп турат. Аны менен катар албетте техникалык мүмкүнчүлүк дагы түзүлүшү керек, компьютер, сматрфондор менен камсыздоо зарыл. Аралыкта билим берүү үчүн акысыз программалар иштелип чыгышы шарт. Мисалы, Zoom программасы 40 эле мүнөт бекер, андан ашып кетсе төлөшүң керек. Көптөгөн мектептерде, өзгөчө айылда мындай чыгымды көтөрө албайт. Ошондуктан акысыз ресурстар керек», — дейт Алмаз Тажибай.

Өткөн чейректе мугалимдердин көпчүлүгү WhatsApp тиркемесин колдонушту. «Албетте ар кандай мугалимдер бар. Айрымдары жөн гана тапшырмаларды жөнөтүп коюп, толук кандуу окуткан жок», — деп кошумчалады Алмаз Тажибай.

42 секунддук сабактар, же мугалимдердин кесипкөйлүгү

Кыргызстанда 2,2 миң мектеп бар, аларда 70 миң мугалим эмгектенет. Албетте ар биринин шарты, мүмкүнчүлүгү, иш тажрыйбасы, ишке болгон каалоосу ар кандай. Бирок баардыгы тең жогорку маяна алгысы келет. Аралык окутууда бири видеосабак тартып аракет кылып жатса, экинчиси сабакты үн аркылуу жаздырып жөнөтүүгө өттү. Үчүнчүсү жөн гана тапшырма берүүнү эп көрдү.

Менин уулумдун кыргыз тили сабагынын эң узун рекорддук сабагы 42 секунддук үн байланышы болду.

42 секундда мугалим саламдашканга, көнүгүүнүн номурун жана өтүлө турчу теманы айтып, андан соң балдарга баары түшүнүктүү болгондугун сураганга жетишти. Албетте оңой эмес. Мектептердин биринин директору (ата-энеси анын номурун көрсөтпөөнү суранды) аралык окутуу кандай өтүп жаткандыгына кызыкдар болуп чатка кошулган. Жетинчи класстын окуучусу мугалимден жооп келбей жатканын айткандыгы үчүн өзү күнөөлүү болуп чыккан. Класс жетекчиси дароо байланышка чыгып, даттануу жакыш эместигин айтып коркуткан.

Дагы бир көйгөйлүү маселелердин бири — педагогдордун кесипкөйсүздүгү. Балдарды туура жазууга үндөп жаткан адам өзү ката жазат. Сөздөрдү туура айтууга чакырган англис тил мугалими өзү үлгү көрсөтө албайт.

Билим берүү министрлиги көйгөйдү мойнун алып, мугалимдердин деңгээлин жогорулатууга жана университетте педагогика багытындагы кадрларды даярдоо усулун жакшыртууну убадалайт. Бул канча убакытты талап кылат. Качан биздин балдар толук кандуу жана сапаттуу билим ала башташат?

Учурда көбүрөөк мугалимдерди камтуу үчүн окутуу онлайн режиминде жүргүзүлө баштады.

«Көйгөйлөр өзү ачыкка чыгып калды. Мисалы, заманбап технологияны колдоно билүүсү. Ооба, педагогдордун көпчүлүк бөлүгү аракеттенишет, өзүн-өзү өнүктүрүп, окуучулары үчүн жаңы ыкмаларды колдонушат. Бирок артка тарткан мугалимдер дагы бар. Андыктан жай мезгилине ар кандай видео сабактарды, вебинарларды пландадык. Жай биз үчүн-түшүнүү жана даярдык көрүү убагы, аны менен катар мугалимдерге кандай жардам керек экенин аныктоого болот. Сапат боюнча маселе баардык тармакта бар», — деп 24.kg агенттигине билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Билим берүү тармагында эс алууга убакыт жок

Учурда коронавирус инфекциясы Кыргызстанда кеңири жайылууда. Жазында өкмөт экинчи толкунду күзгө пландаса, ага жетпей эле вирус күч алды. Бүгүнкү күндө 2020-жылы сентябрда окуу кандай башталарын эч ким айта албайт. Дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Билим берүү министрлиги эки сценарий даярдады.

«Учурда методисттер, мугалимдер тобу топтолуп жатат, биз телесабактарды тартып электрондук окуу ресурстарын даярдайбыз. Бул алдыдагы белгисиз абалга даярдык», — деп кошумчалады Надира Жусупбекова.

Биз баарыбыз түшүнөбүз: биринчи орунда албетте баланын ден-соолугу жана өмүрү, андан кийин-окуу.

Эгер пандемия артка чегинип, мектептерге иштөөгө жол ачылса, окуу жайлар дезинфекцияланат. Ал эми ата-энелер балдарын жеке коргонуу каражаттар менен камсыздашы керек.

«Бирок кандай болгон күндө да теле сабактар жана электрондук окутуу материалдарын өнүктүрүүнү жана кеңири колдонууну улантабыз. Аны менен катар окуучуларга кошумча билим берүү ресурсун колдонобуз. Сабак берүү усулдарын жакшыртып, PISA жана башка олимпиадаларга, республикалык тестирлөөгө даярдайбыз. Класс жетекчилер жана социалдык педагогдор үчүн өзүнчө блок менен материалдар жиберилет. Алдыда аткарыла турган иштер өтө оор», — деп кошумчалады.

Мектептерде окуучулардын жетишкендиктерин төмөндөтпөө үчүн төртүнчү чейректин жыйынтыгын кароону токтотту. Аралык окутуу созуктурулса жаңы окуу жылында окуучулардын сабактарын кантип баалашат азырынча белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар