19:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда аралык окутуу уюмуна атайын портал иштеп чыгышты

Кыргызстанда орто кесиптик окуу жайларында аралык окутууну уюштуруу үчүн атайын портал иштеп чыгышты. Бул тууралуу Мамлекеттик технологиялык маалыматтар жана байланыш комитетинен маалымдашты.

Маалым болгондой, портал орто кесиптик окуу жайлардын мугалимдерине аралыктан лекция окуп жана толук кандуу сабак өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет, ал эми студенттерге мобилдик телефон, смартфондор же жеке компьютер аркылуу сабак окууга болот.

«15 колледжде портал пилоттук режимде киргизилген, анын негизинде ар бир билим берүү мекемеси аралыктан билим берүү үчүн жеке онлайн-ресурсун ишке киргизген. Алар порталга материалды жүктөп, тест тапшырмаларын түзүшөт. Мугалимдер окуучулардын тапшырган тапшырмаларына баа коё башташты», — деп берилет маалыматта.

Бул процессти жөнгө салгандан кийин, аткаминерлер билим берүү тармагында колдонула болор-болбосун талкуулашат.

Эң көп окулган жаңылыктар