18:20
USD 87.45
EUR 100.87
RUB 1.08

COVID-19. Дагы алты медицина кызматкери вирус жуктуруп, жалпы саны 425ге жетти

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламатыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарынан — 4, Чүй облусунан — 2 медик вируска кабылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 дкиагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 425 учур катталды, алардын ичинен 321 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты. Эки дарыгер кайтыш болду.

Өкмөт вирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, набыт болгондорго — 1 миллион сом төлөп берет.

Эң көп окулган жаңылыктар